Кыргызстанда I жарым жылдыкта ИДПнын көлөмү 335 млрд сомду түздү

 Кыргызстанда I жарым жылдыкта ИДПнын көлөмү 335 млрд сомду түздү

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү 335 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,3 пайызга өскөн. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 309 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 3,9%ды түзгөн.

Орозбаева ИДПнын өсүшү өнөр-жай, курулуш, тейлөө кызматы жана айыл чарба сектору тарабынан камсыздалды.

Связанный пост