Саясат

Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт. Макулдашууга кол коюлду

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, КР министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду эл аралык укуктун субъектиси, эл аралык укук жөндөмдүүлүгүнө ээ жана эл аралык келишимдерди түзүүгө укуктуу эл аралык уюм болот. Фонд Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, […]Читать далее

Саясат

Кыргыз-азербайжан кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду

Азербайжанджын президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун Чечимине кол коюшту. Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан […]Читать далее

Саясат

Президент Жапаров: Кыргызстан Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт

«Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумунда сөз сүйлөп жатып. Ал кыргыз-азербайжан кызматташтыгы ыкчам өнүгүп жатканын, эки өлкөнүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок экенин […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров: Биз азербайжандык боордошторубуз менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча

Бүгүн, 11-октябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отуруму болуп өттү. Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ильхам Алиев баштаган Азербайжан делегациясынын келишин кубаттап, Кыргызстан бул сапарга Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн логикалык уландысы катары өзгөчө маани берерин белгиледи. »Биздин алдыбызда […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи жыйыны тар

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи жыйынын тар курамда өткөрүштү. Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык «стратегиялык өнөктөштүк» деңгээлине жеткенин канааттануу менен белгиледи. Ал эки […]Читать далее

Саясат

Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин I жыйыны

Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйыны өтүүдө. Иш-чара Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп жатат. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Азербайжандын президенттери Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев расмий жолугушуу, биргелешкен сүрөткө түшүү аземинен кийин эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын тар курамдагы отурумуна […]Читать далее

Спорт

Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президентинин кубогу башталды

Бүгүн 12-октябрь эркектер жана кыз-келиндер арасында клубдук командалар ортосунда Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын президентинин кубогу башталды. Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат. Эркектер арасында жалпы жыйырма бир команда (Отор, СКА МО КР, Бүркүт, Талас, ОшМУ, Теңир-Тоо, Аксы Жерге-Тал, Сары Өзөн, Улар, ВК МВД, Ош, Келечек, Салам Алик, Билим, Токтогул, Аламидин базары) ал […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү. Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Азербайжан менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө […]Читать далее

Саясат

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев «Ата-Бейит» комплексине барды

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ал 1916-жылкы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине жана сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюп, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, […]Читать далее

Коом

Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнү караштырууда

 Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын кайрадан көтөрүү каралууда. Бишкек мэриясынан белгилешкендей, транспорт тармагында оор абал пайда болду. 2021-жылдын сентябрь айында тарифтер акыркы жолу кайра каралып чыккандан тартып, КММдын, запастык бөлүктөрдүн жана башка милдеттүү чыгымдардын наркы кыйла өстү. Коомдук транспортто жол кире акысы 2021-жылдын 1-ноябрынан тарта Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык белгиленген, анда автобус жана […]Читать далее