Садыр Жапаров: Биз азербайжандык боордошторубуз менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча натыйжалуу иш алпарууга даярбыз

 Садыр Жапаров: Биз азербайжандык боордошторубуз менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча натыйжалуу иш алпарууга даярбыз

Бүгүн, 11-октябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ильхам Алиев баштаган Азербайжан делегациясынын келишин кубаттап, Кыргызстан бул сапарга Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн логикалык уландысы катары өзгөчө маани берерин белгиледи.

»Биздин алдыбызда стратегиялык максаттарды жана иш-аракеттер алгоритмин, ошондой эле келечектеги мамилелерибиздин багыттарын, мазмунун жана мүнөзүн аныктоо милдети турат.

Биз мамлекеттер аралык мамилелерди бийик деңгээлде кармоого, кызматташуунун учурдагы жана келечектеги механизмдери боюнча бардык алака-катыштарды ыкчамдатууга даярбыз», — деди ал.

Садыр Жапаров чакан форматтагы жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн орчундуу маселелери талкууланып, анын негизги багыттары менен артыкчылыктары белгиленгендигин кошумчалады.

Соода-инвестициялык кызматташууга токтолгон Мамлекет башчысы бүгүн Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондунун маанилүү ролу каралгандыгын канааттануу менен белгиледи. Бул фонд Кыргызстанга Азербайжан инвестицияларын тартуунун жана өз ара пайдалуу бизнес-долбоорлорду ишке ашыруунун тездетүүчү катализатору жана натыйжалуу механизми болууга тийиш.

»Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү арттыруу зарылдыгы боюнча орток түшүнүк бар экени кубандырат. Ошентсе да соода жүгүртүүнүн азыркы деңгээли али өз дараметине жете элек.

Биз Азербайжан Республикасынын бизнес коомчулугунун биздин рынокто болушун кубаттайбыз, ошондой эле мындан ары өнөктөш катары кызматташууга ачыкпыз.

Инвесторлорду коргоого кепилдик беребиз жана эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз», — деди ал.

Ал эми эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө токтолгон Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Азербайжандын тарыхы, тамыры, маданияты менен каада-салты жана улуттук өзгөчөлүктөрү жалпы экендигин баса белгиледи.

»Эзелтеден эле ата-бабаларыбыз бизге достукту, кызматташтыкты мурас кылып калтырышкан. Ошондуктан биз маданият, билим берүү, илим, туризм, спорт тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани беребиз», — деди ал.

Бул өңүттө Мамлекет башчысы борбор калаада Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы эки жалпы билим берүүчү мектепти биргелешип ачуу сыяктуу эки өлкөнүн, эки элдин ортосундагы өз ара ынтымакты, достукту жана кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзгөн долбоорлорду ишке ашыруунун маани-маңызын өзгөчө канааттануу менен баса белгиледи.

»Кыргызстандын келечеги болгон жаштарыбыз ушундай мыкты мектептерден билим алышары кубандырат. Биздин улан-кыздарыбыз боордош Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын көпүрөсү болуп берет деп бекем ишенем», — деди ал.

»Ошондой эле азербайжандык досторубуздун жардамы менен жакында курулуп бүткөрүлгөн «Кыргызстан менен Азербайжандын достук паркынын» ачылышына күбө боло турганыбызды кубануу менен белгилей кетейин», — деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров бул сейил бак шаардыктардын сүйүктүү эс алуу жайына айланарына үмүт артарын билдирди.

»Бакудагы жолугушуубузда биздин азербайжандык досторубуз менен да жакын болгон улуу жазуучу жердешибиз Чыңгыз Айтматовдун сөзүнөн «кылымдардан бери келаткан кыргыз элинин руханий мурасы болгон «Манас» эпосунун негизги өзөгү дагы биримдик» деп, үзүндү келтиргеним эсимде. Биз биримдикти, ар-намысты, акыйкатты туу тутабыз жана жогору коебуз. Ушундай эле асыл сапаттар азербайжандык боордошторубузга да таандык экени кубандырат. Кыргыз жана азербайжан тилдеринде «намыс» деген сөз бир эле маанини түшүндүрүп, « ар-намыс, абийир, ариет» маанисине дал келет.

Мен азербайжан элинин чыгаан уулу жана улуттук лидери болгон урматтуу Гейдар Алиевичтин 1995-жылы Кыргызстанга «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилеген майрамга келгенде: «Биз бири-бирибизди жүрөгүбүз менен сезип, түшүнө алабыз», — деп айтканын эске салды.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап дагы азербайжандык боордоштор менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча үзүрлүү иш алып барууга даяр экенин баса белгиледи.

Связанный пост