Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президентинин кубогу башталды

 Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президентинин кубогу башталды
Бүгүн 12-октябрь эркектер жана кыз-келиндер арасында клубдук командалар ортосунда Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын президентинин кубогу башталды.
Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат.
Эркектер арасында жалпы жыйырма бир команда (Отор, СКА МО КР, Бүркүт, Талас, ОшМУ, Теңир-Тоо, Аксы Жерге-Тал, Сары Өзөн, Улар, ВК МВД, Ош, Келечек, Салам Алик, Билим, Токтогул, Аламидин базары) ал эми кыздар арасында, ОшМУ, Дордой, Салам-Алик, Улар, Ала-Тоо ВК командалары катышып жатат.
Белгилей кетсек аталган мелдеш 16-октябрга чейин уланат.

Связанный пост