Азербайжандын президенти Ильхам Алиев «Ата-Бейит» комплексине барды
![Азербайжандын президенти Ильхам Алиев «Ата-Бейит» комплексине барды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/10/63453c55e8767-1-850x560.jpeg)
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал 1916-жылкы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине жана сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюп, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасы ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Бакыт Төрөбаев катышты.