Коом

Ошто «Креативдүү технологиялардын кербени» эл аралык фестивалы уюштурулду

Бүгүн, 12-Октябрь күнү Ошто «Креативдүү технологиялардын кербени» эл аралык фестиваль болуп өттү. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, өлкөнүн бардык облустарынан келген райондордун өкүлдөрү жана Россия, Өзбекстан ошондой эле Белоруссиядан келген коноктор катышты. Чыгармачыл, кесипкөй балдар ар кандай кол эмгектерин элге көрсөтүп, кантип жасагандарын […]Читать далее

Билим

И.Арабаев атындагы КМУнун имараттары мыйзамсыз жеке жактарга ижарага берилип келген

Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду. Текшерүүдө, И.Арабаев атындагы КМУнун жооптуу кызмат адамдары жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Аукциондук борбор” ММнин мурдагы башчысы С.И. тарабынан 2018-жылдан 2022-жылга чейин аталган окуу жайга караштуу мамлекеттик имараттарды жана […]Читать далее

Билим

Билим берүү министри мектеп тамак-ашын жакшыртуу маселесин талкуулады

11-октябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директорунун орун басары Хильке Дэвид, программанын жетекчиси Дамира Уметбаева жана адис Эрик Куйкеев менен мектеп тамак-ашын жакшыртуу маселесин талкуулады. Министр И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы мектеп ашканаларынын кызматкерлери үчүн түзүлгөн республикалык окуу борборуна ашкана жабдууларын жеткиргендиги, ошондой эле мектептерди […]Читать далее

Билим

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Низами Гянджеви атындагы мектепти ачышты

Бүгүн, 12-октябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземдин жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев билим берүү мекемесинин имаратын көрүп чыгышты. Окуу жайдын аянты 2 миң 31 чарчы метрди түзүп, 550 окуучулук орунга ылайыкталган. Мектепте сабактардан тышкары […]Читать далее

Билим

Борбордук №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиев ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев катышты. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгиледи. Айтмында ал эки […]Читать далее

Саясат

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Улан Примов кызматын тапшырды

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улан Примов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен кетти. Эске салсак, Улан Примов 2021-жылы No11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.Читать далее

Саясат

13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

2022-жылдын 13-октябрында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн): 1. Ар кандай маселелер; 2. “2022-жылдын 24-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин сотунун Россия Федерациясынын жарандары болуп саналган кызмат адамдарын жана кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо […]Читать далее

Маданият

Бишкекте 16-октябрда ачык асман алдында концерт өтөт

16-октябрда саат 16:00дө “Ынтымак-2” сейил багынын амфитеатрында КРнын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы “Манас” Президенттик оркестринин классикалык музыкасынын концерти өтөт. Көркөм жетекчиси жана дирижёру – КРнын Эл артисти Эрнис Асаналиев. Маданий иш-чара оркестрдин кайрымдуулук концерттеринин алкагында жана КР Президентинин Иш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө. Кирүү акысыз. Маалымат үчүн телефондор: 0312 665-921; 0550 […]Читать далее

Саясат

Кыргызстандан Өзбекстанга картошка экспорттоо мүмкүнчүлүгү каралды

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын ири компанияларынын бири “Агровер” картошка агроөнөр жай кластерине барды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, элчи компаниянын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесси, эмгекти уюштуруу, картошканы кайра иштетүү боюнча сактоо шарттары жана ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен таанышты. Сапардын жыйынтыгы боюнча компаниянын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, […]Читать далее

Коом

Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери жүрүүдө

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чыңгыз Айтматов, Чүй, Манас, Жибек-Жолу проспектилериндеги, Жаш Гвардия бульвары, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр жана 7-апрель көчөлөрүндөгү аялдамаларда жууп-тазалоо жүргүзүштү. Жумушка 10 жумушчу жана 5 бирдик атайын техника тартылды. Мындан тышкары ишкананын кызматкерлери графикке ылайык жолдорду жууп жатышат.Читать далее