Президент Садыр Жапаров эртең, 27-октябрда, Казакстан Республикасына иш сапары менен барат. Мамлекет башчысы Астана шаарында Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык […]Читать далее
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылында 375 орундуу жаңы мектеп имараты курулуп, 60 бала тарбияланып жаткан бала бакчанын имараты капиталык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Аталган билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ноокат районунун акими Данир Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты. К.Каримов атындагы мектебинин жаңы […]Читать далее
Бүгүн 26-октябрь күнү көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды. Аталган мелдеш Талас облусундагы Райкан Алканов атындагы ат майданында өтүп жатат. Мелдешке Республиканын баардык аймактарынан келген 14 команда катышат. Чүчүкулактын жыйынтыгы: Чоңдор арасында А-тобу: – Ош облусу – Талас облусу – Нарын облусу Чоңдор арасында В-тобу: – Чүй облусу – Бишкек шаары – Ысык-көл облусу […]Читать далее
Бүгүн, 26-октябрь саат 11:40 баштап тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу жана Сосновкада бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы өйүзүнө токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошонун негизинде аларга чектөө киргизилет. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга (кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Иркештам автожолу” жана “Торугарт автожолу” өткөрүү пункттарын кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Кыргыз […]Читать далее
Бүгүн, 26-октябрда Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышып, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. […]Читать далее
Корея Кыргызстанга 4 тез жардам унаасын жана медицина кызматкерлери үчүн атайын жабдууларды берди. Тез жардам унаалары жана атайын жабдуулар Кыргызстандын элчилиги менен Кореянын Өрткө каршы улуттук агенттигинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде Кёнгидо провинциясы тарабынан берилди. Иш-чарага Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова катышты. Салтанаттын жүрүшүндө элчи өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү үчүн техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык […]Читать далее
29-октябрда Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги Лингва инновациялык билим берүү фонду менен биргеликте Англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” улуттук сынагын өткөрөт. Ага облустук сынакта жеңүүчү болгон 24 талапкер катышат. Быйыл бешинчи ирет өткөрүлүп жаткан сынак Кыргызстандын жаштарын англис тилин үйрөнүүгө шыктандырып, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга багытталат. “Spelling Bee” улуттук сынагынын эң мыкты үч жеңүүчүсү 2022-жылдын ноябрында […]Читать далее
Бишкек шаарында чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча федерация түзүлүп, расмий ачылыш аземи өттү. Ачылыш аземдин жүрүшүндө Казакстандан келген хоккейчилер көргөзмө оюн көрсөтүшүп, жергиликтүү оюнчулар менен мелдеш өткөрүштү. Федерациянын президенти болуп, аталган федерациянын түптөгөн Кубан Атагараев дайындалды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат […]Читать далее
26-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 жаңы конуштарында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайга ичүүчү суу берүү токтотулат. “Ала-Тоо” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу өчүрүлөт.Читать далее