Ноокатта жаңы билим берүү мекемелери ачылды

 Ноокатта жаңы билим берүү мекемелери ачылды
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко айылында 375 орундуу жаңы мектеп имараты курулуп, 60 бала тарбияланып жаткан бала бакчанын имараты капиталык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Аталган билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ноокат районунун акими Данир Иманалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты.
К.Каримов атындагы мектебинин жаңы 375 орундуу имаратынын курулуш иштери 2020-жылы башталган. Курулуш иштерине 71 миллион сом сарпталып, Саудия Өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. Мектеп заманбап жабдыктар менен жабдылып, жыйындар залы, спорт зал жана ашканасы бар.
Ал эми К.Каримов атындагы орто мектебинин башталгыч класстары окуган эски имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп бала бакча катары иштей баштады. Азыркы учурда 2 тайпада 60 бала тарбияланууда. Капиталдык ремонттон өткөрүүгө Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 2 миллион 733 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүгөн.

Связанный пост