Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 74 млн. 28 миң сомдук товардык-материалдык запастардын жетишпестиги аныкталган. Тактап айтканда, «Бишкекжарык» МИнин жетекчилиги жана жооптуу кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, КР бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, 2020-2022-жылдар аралыгында ишкананын […]Читать далее
Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө-мамлекеттер — Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түрк Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: — Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы; — «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна» өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол; — «Түрк мамлекеттер […]Читать далее
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү — Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Башкы катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү чечим бүгүн Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Уюмдун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды. Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн лидерлеринин Саммитинин тогузунчу жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысынын сөзү: «Урматтуу Шавкат Миромонович, Урматтуу делегация башчылары! Сиздер менен бүгүн эзелтен бери Улуу Жибек жолунун тарыхында Чыгыш менен Батышты байланыштырып келген байыркы Самарканд шаарында кайрадан жүз көрүшүп жатканыма чоң кубанычтамын! Урматтуу Шавкат […]Читать далее
Учурда Кыргызстан рак оорусу боюнча 4-орунда турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова ЭлТР каналына берген маегинде билдирди. “Дүйнө жүзүндө папиллома вирусуна каршы эмдөө 2006-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ал эми биздин өлкөдө бул вируска каршы эмдөө жүргүзүлгөн эмес. Учурда Кыргызстан рак оорусу боюнча 4-орунда турат. Жыл сайын 600гө […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдит Эркин Кыргыз Республикасынын Бельгия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.Читать далее
Асеин Исаев КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ошол эле учурда Нуран Ниязалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.Читать далее
Алтынбек Максутов “Манас жана Ч. Айтматов” атындагы Улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев жана Китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловду кабыл алды. Алтынбек Максутов аталган эл аралык иш- чарада баш байгени жеңип алышы менен куттуктап, алар менен бирге “Манас” эпосун даңазалоо жана илим жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу баарлашты. Жолугушууда «Манас» эпосунун сериясы түйшүктүү жана жаратман эмгек […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Анын ичинен 2370 адамды (анын ичинен 1871и чоңдор, 499у балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө беш Жарлык бар, алардын көбүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Президенттин бир Жарлыгы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Түбөлүк шаар” комплексинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) келген мамлекет башчылары менен бирге сый тамакка катышты. Жогорку даражалуу меймандар үчүн Өзбекстан Республикасынын Президентинин атынан расмий кече жасалды. Түрк элдеринин маданий ар түрдүүлүгүнө арналган концерт болду. Программада түрк географиясынын салттуу маданияты менен […]Читать далее