Маданият

Муратбек Бегалиевге искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамы ыйгарылды

Франциянын Маданият министри Рима Абдул-Малак Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиевге Искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамын ыйгарды. Мындай даражалуу наамды тапшыруу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа […]Читать далее

Спорт

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды

20-ноябрда Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Алгачкы беттеш Эль-Хаур шаарында Катар жана Эквадор курамаларынын ортосунда өтүп, оюн түштүк америкалыктардын пайдасына 0:2 эсебинде аяктады. Мелдештин ачылыш аземине Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сыяктуу бир катар мусулман өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өз […]Читать далее

Коом

Бишкекте коомдук транспорттордун иши текшерилди

Борбор калаадагы коомдук транспорттордун иши текшерилди. Рейддин жүрүшүндө пландык чыгууларынын сакталгандыгы тууралуу, кыймыл аралыгы жана коомдук транспорттун иштөө графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча пландык чыгуунун сакталбагандыгы, кыймыл аралыгынын аткарылбагандыгы, ошондой эле линиядан чыгуунун негизсиз фактылары тастыкталды. Мындан тышкары, «Шаттл Яндекс Такси» маршруттук таксиси, ошондой эле жеке таксилери коомдук транспорттордун токтоочу […]Читать далее

Саясат

Кыргызстандын делегациясы Евробиримдик – Борбор Азия жыйынына катышты

Өзбекстандын Самарканд шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген делегациясы Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы министрлердин 18-жыйынына катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуздук, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык өз ара аракеттенүү, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү аймактар аралык кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты. Кыргыз тарап эркин соода, инвестиция, транспорттук-транзиттик инфраструктураны […]Читать далее

Дүйнөдө

Москвада Кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн «Караван Экспо» көргөзмөсү өтүүдө

«Караван Экспо» көргөзмөсү 17,18,19-ноябрь күндөрү Москва шаарынын  Өкмөт үйүнүн имаратында өтөт. Ага Кыргызстандан 40ка жакын компания, негизинен тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү катышууда. Көргөзмөнүн 17-ноябрдагы ачылыш аземине КРнын РФдагы элчиси Гулнара-Клара Самат катышты. Ал өз сөзүндө Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналарына катышуучулардын көңүлүн буруп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин оң динамикасын канааттануу менен белгиледи (2022-жылдын биринчи […]Читать далее

Саясат

Санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бюджеттик кодекстин 60-беренесине ылайык, Министрлер Кабинети Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү чечимин кабыл алды. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо Финансы министрлигинин санариптик казыналык […]Читать далее

Коом

Бишкек ЖЭБине Казакстандын көмүрү ташылып келүүдө

Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди. Учурда 64 жарым вагон кѳмүр түшүрүлдү, ал эми 65 жарым вагон  жолдо келе жатат. Кѳмүрдү жеткирүү 2022-жылдын ноябрынан баштап 2023-жылдын майына чейинки мѳѳнѳттѳ график боюнча жүргүзүлѳт. Ишканадан белгилешкендей, ошондой эле азыркы учурда “Каражыра” АКынын разрезинен 65 жарымвагон кѳмүр жүктѳлүп жатат. “Бишкек ЖЭБинде кѳмүрдү пайдалануу боюнча […]Читать далее

Спорт

Бишкекте мэр кубогуна арналган мелдеш өтөт

Бишкек шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш 19-ноябрдан 11-декабрга чейин уланат. Ал мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин арасында өткөрүлөт. Мелдеш спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өтөт: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш. Бишкек шаарынын мэринин кубогуна катышуу үчүн 25тен ашык команда арыз берген. Кичи-футбол боюнча алдын ала оюндар 2022-жылдын 19-ноябрында […]Читать далее

Спорт

Ошто алгачкы шахмат залы ачылды

17-ноябрда Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил багында алгачкы шахмат залынын ачылышы болду. Объекттин ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бардык курактагы жарандарды шахматка тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жаш шахматчылар, шахмат сүйүүчүлөр түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн Ош шаарынын мэрине ыраазычылыктарын билдиришип, буга чейин шахмат сүйүүчүлөргө мындай шарттар болбогонун белгилешти. Шахмат залынын курулушуна көмөк көрсөткөн инвесторго да […]Читать далее

Спорт

Дене тарбия жана спорт академиясына Бейшен Турусбековдун ысымы ыйгарылды

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбековдун ысымы ыйгарылып, тактасы салтанаттуу түрдө ачылды. Салтанатка Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана коноктор катышты. Коноктор Бейшен Турусбековдун […]Читать далее