Медицина

Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору болуп Айнура Абалиева дайындалды

Бүгүн 22-ноябрда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Аппаратынын чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рыспекова Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жамаатына жаңы директорду тааныштырды.  Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы №752 буйругуна ылайык, Департаменттин директору болуп Абалиева Айнура Имамазановна дайындалды.Читать далее

Коом

Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата Башкы прокуратурада салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Салтанаттын жүрүшүндө Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын 2021-жылдын 9 айына карата жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, кызматтык милдеттерин артыкчылык менен аткарган кызматкерлерди сыйлады. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышып, Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуду. «Кыргыз прокуратурасы мамлекетибизде ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен […]Читать далее

Коом

Памирлик кыргыздарга үй куруп берүү үчүн башкы этапта 10 млн

 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги памирлик кыргыздарга үй куруп берүү үчүн башкы этапта 10 млн сом бөлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Чон-Алай районундагы памирлик кыргыздар менен министрдин орун басары Жылдыз Полотова жана миграция маселелери боюнча башкармалыктын жетекчиси Жыпар Мамбетова КРдин Жогорку Кенешинин депутаттары менен чогуу жолугушуу өткөрүштү. Министрдин орун […]Читать далее

Экономика

Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене баалар белгиленди

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы токтому менен тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене баалар белгиленди. Минималдуу чекене баанын жогорулашы тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү кыскартып, калктын саламаттыгына оң таасирин тийгизет. Токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып акциздик товарлардын төмөнкү түрлөрүнө минималдуу чекене баалар киргизилет: – ТЭИ ТН 2402 коду менен классификацияланган чыпкалуу сигареттер жана чыпкасыз […]Читать далее

Саясат

Президент Садыр Жапаров эртең Арменияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Арменияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров көзөмөл органынын кызматкерлерин прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Мамлекеттүүлүгүбүздүн ишенимдүү тиреги болгон прокуратура органы Кыргыз Республикасынын укуктук жана демократиялык мамлекет катары өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган маанилүү орган болуп саналат. Өлкөбүздүн […]Читать далее

Дүйнөдө

Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комитетинин жыйыны өтүүдө

21-22-ноябрда Эр-Рияд шаарында кызматташтык боюнча Кыргыз-Сауд өкмөттөр аралык комитетинин 3-жыйынынын алкагында Кыргызстандын Өкмөттүк делегациясынын жана Сауд Арабиясынын бир катар министерстволору менен мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда эксперттик топтордун жолугушуулары өтүүдө. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай, инфраструктура, транспорт, энергетика, айыл чарба, суу чарба, маданият, билим берүү жана туризм, […]Читать далее

Билим

Президент: «Быйыл 15 мектеп баштаганбыз, он бешин тең бүттүк, бүгүн

«Быйыл 15 мектеп баштаганбыз, он бешин тең бүттүк, бүгүн акыркысын ачып жатабыз», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында 2022-жылы курулуп бүткөн жаңы билим берүү мекемелеринин бет ачарына арналган иш-чарада. Маалымат үчүн: Мектептер мамлекет башчысынын тапшырмасы менен республикалык бюджеттин каражатына курулган.      Читать далее

Саясат

2023-жылы ишкерлерди текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизилет

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүнүн алдын алуу, ишкердик субъекттерин текшерүүдө укук коргоо […]Читать далее

Саясат

Президент Бишкекте 15 мектеп жана бала бакча курган курулуш компаниялардын

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында 2022-жылдын 5 ай ичинде 15 жалпы билим берүү мекемесин жана 1 бала бакча курган курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сыйлады. Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, өлкөнүн азыркы жана келечектеги дүйнөдөгү ордун аныктай турган билим берүү системасын өнүктүрүүнүн чечүүчү ролун белгиледи. Президент Садыр Жапаров борбор калаадагы айтылган билим берүү мекемелерин кыска мөөнөттө […]Читать далее