Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

 Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү
Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата Башкы прокуратурада салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Салтанаттын жүрүшүндө Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын 2021-жылдын 9 айына карата жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, кызматтык милдеттерин артыкчылык менен аткарган кызматкерлерди сыйлады.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышып, Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуду.
«Кыргыз прокуратурасы мамлекетибизде ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы туруп келген салмактуу орган катары калыптанып, адамдын социалдык жана жеке саясий абалы кол тийбес деген түшүнүккө жол бербей адилетүү жана калыс көзөмөл жүргүзүп келет», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Ошондой эле, өлкө экономикасын көтөрүүдө, бизнести коргоодо, чет элдик жана ички инвесторлорго ишкерлик менен алектенүү үчүн идеалдуу бизнес климатты камсыздоодо прокуратуранын орду өзгөчө экендиги баса белгиленди.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынан сырткары Жогорку Кеңештин депутаты Э.Р. Сатыбалдиев жана прокуратура органдарынын ардагерлери катышты.

Связанный пост