Армрестлинг боюнча улуттук курама команда 21-26-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн Азия кубогунда 25 медаль (9 алтын, 10 күмүш, 6 коло) жеңди. Жалпы медалдык эсепте Кыргызстан курама командасы үчүнчү орунду ээледи. Алтын медалдын ээлери: 40 кг салмак категориясында Алтынай Өмүрбекова, 50 салмак даражасында Асема Маликова, 55 кг салмак менен Шахзода Юнусова, 60 кг салмак категориясында Байтур […]Читать далее
1-декабрда Маданият ишмерлери жана искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, киноактёр, режиссёр Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Эскерүү кече Улуттук телерадио корпорациясынын концерттик залында саат 18:00дө башталат. Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген. Ал ар тараптуу талант болгон. Эмгек жолун 1955-жылы Республикалык […]Читать далее
Бишкекте түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин арасында Бишкек шаарынын мэринин Кубогу-2022 мелдешинин салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү. Иш-чараны борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева ачты. Мелдештер спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлөт: 1. мини – футбол 2. волейбол 3. стол тенниси 4. шахмат 5. дартс 6. аркан тартыш 7. бильярд Мелдешке мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн 18ден […]Читать далее
Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларына медициналык биринчи жардам комплекти таратылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, биринчи жардам комплектинде эң керектүү дары-дармектер бар: аммиак (нашатырь спирти), зеленка, бинт, суутектин перекиси, таңуу материалдары, валерианын эритмеси, кебез, спирттүү майлыктар, гипстер, йод жана валидол. Күн сайын кезмет алмаштыруу алдында айдоочулар медициналык кароодон өтүшөт. Алардан спирт ичимдиктерин […]Читать далее
Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Жаңы жылдык балаты чоң фонтандын ордуна орнотулат. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет. Шаарды жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин созулат.Читать далее
Тай боксу боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына келишти. Cпортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Райымбек Токомбаев , Кыргызстандын тай бокс федерациясынын вице-президенти Минна Нитин , спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты. Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатында курама команда жалпы 14 медаль (6 алтын, […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын 10 айында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 368 миң 123 бөтөлкө алкоголдук продукцияны жана 226 миң 50 куту тамекини аныктап, тартып алышты. Бузуулардын көпчүлүгү акциздик маркаларсыз же жасалма маркалары менен алкоголдук жана тамеки продукцияларын сатууга байланыштуу болгон. Акциздик маркаларсыз алкоголдук же тамеки продукцияларын өндүрүү, импорттоо жана сатуу, ошондой эле акциздик маркаларды жасалмалоо жеке […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясында адамдын аң-сезимине терс таасирин тийгизген дары-дармектерди жүгүртүүгө көзөмөлдү киргизүү боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш-чарада Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна кам көрүү максатында талкууланып жаткан маселе абдан актуалдуу болуп жатканын жана тизмедеги бир катар психотроптук дары-дармектер жаш жарандар үчүн оор жана орду толгус кесепеттерге алып келерин […]Читать далее
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эки күнгө созулган биринчи Элдик курултай аяктады. Курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты. Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилип, алардын сунуш-пикирлери жана нааразычылыктары угулду. Элдик […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Кеңештин отурумунда күн тартибиндеги 25 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Атап айтканда, декларациялоого, же Бирликтин бажы аймагынан чыгууга байланыштуу товарлар менен бажы операцияларын жүргүзүүдө убактылуу сактоодо турган товарларга карата мурда келип чыккан […]Читать далее