Бүгүнкү “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушунда 18 млн 844 миң 542 лотереялык ID-билет менен 176 миң 896 адам катышууда. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, лотереянын катышуучулары “Салык чек” тиркемеси аркылуу 19,2 млрд сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти. Үчүнчү турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен 1 бир бөлмөлүү […]Читать далее
Бразилияда футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеле көз жумганын Associated Press басылмасы жазып чыкты. Пеле Сан-Паулодогу ооруканада коронавирус жана респиратордук инфекция менен алышып келген. Ошондой эле онкологиялык оорудан дагы дарыланууга муктаж эле. 2021-жылы футболчу жоон ичесиндеги шишикти алдырып, дарылануусун улантып жаткан. Ал эми 22-декабрда Пеленин абалы начарлап кеткени кабарланган. Эдсон Арантис ду Насименту (Пеле) […]Читать далее
“Майыптуулугу бар балдардын арасында өнөрлүү, эрки күчтүү балдар арбын. Биз алардын ден соолугуна кам көрүү аркылуу өзгөчө өнөрүн жана талантын колдошубуз керек”, – деп Президент Садыр Жапаров бүгүн 29-декабрда, Бишкек шаарындагы “Келечек” балдардын жаңы реабилитациялык борборунун ачылыш аземинде белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деп белгиледи: “Урматтуу шаарлыктар, кымбаттуу мекендештер! Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары […]Читать далее
Финансы министрлигинин буйругу менен алдыдагы Мамлекеттик салык кызматын 2023-2025-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилди. Жаңы Стратегияны иштеп чыгуу атаандаштык жана адилеттүү салык системасын түзүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу жана салыктарды чогултууну жакшыртуу, Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарда өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында салыктык башкаруунун ачыктыгын күчөтүү зарылдыгы менен шартталган. Салык кызматынын стратегиясынын негизги максаты – салыктык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда каза болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин лейтенанты Дастан Анарбековду “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде акыркы сапарга узатуу аземине катышты. Мамлекет башчысы мекен үчүн баатырларча курман болгон Дастан Анарбековдун үй-бүлөсүнө, ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Президент жолугушуу-реквиемдин катышуучуларына […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, Бишкек шаарында бир катар объектилерди ачат. Мамлекет башчысы «Келечек» балдар реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышат. Борбор ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоого арналган. Ошондой эле, Президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачат. Иш-чаралар УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз […]Читать далее
“Мамлекеттин эң жогорку сыйлыгына татыган бүгүнкү кыргыз элинин атуулдары – Сиздер жамы журттун, жалпы Кыргызстандын ишенимдүү таянычысыңар!” – деп КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, кыргызстандыктарга —ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземинде белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деп белгиледи: “Урматтуу мекендештер! Эмгеги сиңип, эл сыймыгына татыган кадырлуу замандаштар! […]Читать далее
Өтүп бара жаткан жылдын эң маанилүү жетишкендиги катары Кумтөр кенинин Кыргыз Республикасынын элине кайтарылышы саналат. Мындан ары «Кумтөр» Кыргыз элине таандык деп сыймыктануу менен айта алабыз, анткени бул экономикалык гана жетишкендик эмес, өлкөнүн жаңы тарыхын эки доорго бөлгөн окуя. Бул туурасында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдагы мамлекеттик органдардын ишинин негизги жыйынтыктары каралып жаткан […]Читать далее
2022-жылдын 30-декабрында Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушун өткөрөт. Утуш УТРК жана “Ала-Тоо 24” телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Саат 15:00дө башталат. Бүгүнкү күндө лотереяга 176 миңден ашуун адам жалпы суммасы 19 млрд сомго 18,7 млн лотереялык ID-билеттер менен катышууда. Үчүнчү турда […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 29-декабрда, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи болот. Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат. Иш-чараны көрсөтүү саат 10:00дө башталат.Читать далее