Салык кызматынын лотереясынын 3-утушунда 176 миңден ашык адам катышууда

 Салык кызматынын лотереясынын 3-утушунда 176 миңден ашык адам катышууда

Бүгүнкү “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушунда 18 млн 844 миң 542 лотереялык ID-билет менен 176 миң 896 адам катышууда. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, лотереянын катышуучулары “Салык чек” тиркемеси аркылуу 19,2 млрд сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти.

Үчүнчү турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен 1 бир бөлмөлүү батир, 2 электромобиль, 12 даана iPhone 13, 11 смартфон, 26 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

Утуш бүгүн 15:00дө УТРК жана Ала-Тоо 24 телеканалдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Связанный пост