Президент

Президент Садыр Жапаров Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгамды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгамды ишеним грамоталарын тапшырганына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы элчини миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигинде ийгиликтерди каалады. Садыр Жапаров боордош Пакистан элин ыйык Рамазан айы менен да куттуктады. Ошону менен бирге 21-мартта Пакистанда болгон катуу жер […]Читать далее

Экономика

Былтыр айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын тышкы соода

2022-жылдын жыйынтыгы менен (статистикалык маалыматтарга ылайык), айыл чарбасынын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын январь-декабрь айларында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 29,4 % көбөйдү жана 131041,7 млн сом же 1561,1 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин сайтында маалымдалды. Мында экспорттук берүүлөр 34,3 % га көбөйүп 38059,8 млн сомов […]Читать далее

Коом

ЖМК кызматкерлери “Сөз эркиндиги” аллеяларына көчөт отургузат

1-апрель, ишемби күнү  “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” деген символикалык аталыштагы аллеяга көчөттөр отургузулат. Экологиялык акцияга мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донор уюмдардын коммуникаторлору,  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз  кызматкерлери катышат. Иш-чара журналисттер менен коммуникаторлордун башын бириктирүү, медиа чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды жана […]Читать далее

Укук тартиби

Өзбекстандын жараны Кыргызстандан 13 тыйын чычканды алып чыгып кетүүгө аракет

Өзбекстандын жараны Кыргызстандан 13 тыйын чычканды алып чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул туурасында  КР УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады. 1979-жылкы Өзбекстандын жараны “Достук” көзөмөл-өткөрүү жайынан кармашкан. Үч рюкзакка капастагы тыйын чычкандарды салып, үстүн башка буюм-тайымдар менен жаап койгон. Ал эми жаныбарлар боюнча тиешелүү документтер толтурулган эмес. Кармалган киши андан жандыктарды өткөрүп берүүнү суранышканын айткан. Буюртма […]Читать далее

Коом Өкмөт

Минкаб Төрагасы борбордогу көйгөйлөрдү чечүү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясында шаардагы жол кыймылынын көбөйүшү, ыш маселесин чечүү жана таштандыларды өз убагында чыгаруу сыяктуу негизги көйгөйлөрдү чечүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жогорудагы көйгөйлөрдүн ичинен өзгөчө ыш маселесине тийиштүү көңүл бурулбай жатканын белгиледи. “Кышында бул биринчи маселеге айланат, […]Читать далее

Коом

Бишкекте жер амнистиясына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштери улантылууда

Бишкекте жер амнистиясына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштери улантылууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган жарандардын тизмелери белгилүү. Жалпысынан 417 арыз канааттандырылган, анын ичинен: Ленин району боюнча – 220; Октябрь району боюнча – 76; Свердлов району боюнча – 65; Биринчи май району боюнча – 56. Эскерте кетсек, борбор калаада жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан […]Читать далее

Укук тартиби

Милицияга №63 мектеп-гимназиянында бомба коюлган деген маалымат келип түштү

Бүгүн саат 09:43 чамасында Бишкек шаардык ИИБнын 102 кызматына №63 мектеп-гимназиянында бомба коюлган деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин басма-сөз кызматы билдирди. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын жетекчилиги, Октябрь райондук ИИБнын тергөө-ыкчам тобу дароо жөнөп кетишкен. Окуучулар жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланды.Читать далее

Экономика Эл аралык мамилелер

Бенин Республикасы Кыргызстан менен ишкердик мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар

Кыргызстандын жана Бенин Республикасынын Соода-өнөр жай палаталары кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюуга ниеттенүүдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Палатанын башчысы Темир Сариев Бенин Республикасынын РФдагы элчиси Андре Окунлола Биау менен жолугушту. Элчи мырза Кыргызстанга өлкөлөр ортосундагы экономикалык мамилелерди жөнгө салуу үчүн атайын келди. Бенин Республикасынын элчиси өлкөлөр ортосундагы экономикалык мамилелер кыйла жемиштүү боло […]Читать далее

Укук тартиби

«Альфа Телеком» ЖАКнун экс-башчысы кармалды

«Альфа Телеком» ЖАКнун жабдыктарды жогорулатылган баада сатылып алынган фактысын аныктады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. «Альфа Телеком» ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан. Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго […]Читать далее

Экономика

Кыргызстандын ички карызы 95 660,52 млн сом. Каржы министрлигинин түшүндүрмөсү

2023-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик ички карызынын көлөмү 95 660,52 миллион сомду түздү, бул 1 110,39 миллион АКШ долларына же ИДПга карата 10,32%га барабар. Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, мамлекеттик карыздын ИДПга карата максаттуу катышы 70%дан ашпашы керек. Бүгүнкү күндө болсо жалпы мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен бир нечеге пайызга төмөн катталып, карыз […]Читать далее