ЖМК кызматкерлери “Сөз эркиндиги” аллеяларына көчөт отургузат

 ЖМК кызматкерлери “Сөз эркиндиги” аллеяларына көчөт отургузат

1-апрель, ишемби күнү  “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” деген символикалык аталыштагы аллеяга көчөттөр отургузулат.

Экологиялык акцияга мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донор уюмдардын коммуникаторлору,  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз  кызматкерлери катышат.

Иш-чара журналисттер менен коммуникаторлордун башын бириктирүү, медиа чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды жана идеяларды бейформал шартта талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан уюштурулат.

Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков белгилегендей, ыйык Орозо айында экологиялык акция өткөрүү өзгөчө мааниге ээ.

Связанный пост