Кыргызстандын ички карызы 95 660,52 млн сом. Каржы министрлигинин түшүндүрмөсү

 Кыргызстандын ички карызы 95 660,52 млн сом. Каржы министрлигинин түшүндүрмөсү

2023-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик ички карызынын көлөмү 95 660,52 миллион сомду түздү, бул 1 110,39 миллион АКШ долларына же ИДПга карата 10,32%га барабар.

Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, мамлекеттик карыздын ИДПга карата максаттуу катышы 70%дан ашпашы керек. Бүгүнкү күндө болсо жалпы мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен бир нечеге пайызга төмөн катталып, карыз (тышкы+ички) ИДПга карата 52,33%ды түздү. Бул мамлекеттик карыздын деңгээли туруктуу дегенди билдирет.

Кошумчалай кетсек, ички карыздын жалпы мамлекеттик карызга болгон катышы бүгүнкү күндө 19,7%ды түзөт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги масштабдуу мамлекеттик программаларды жана өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында, башкалардын катарында ички булактардын жаңы инструменттерин колдонот, муну менен катар келечекте мамлекеттик карыздын структурасында ички карыз көбөйөт.

Ички карыз тышкы карызга караганда бир катар артыкчылыктарга ээ:

– ички карыздарды алууда канчалык акчанын куну өзгөрүлбөсүн тобокелдик жаралбайт, ал эми тышкы карыздарды алууда курстук айырманы кайтаруу үчүн талап кылынган сумма көбөйүп кетиши мүмкүн, ошондой эле карызды тейлөөнү кыйындатат;

– ички карыздар боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөдө ички кредиторлор киреше алышат. Ал эми тышкы карыз боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөдө чет элдик валютага муктаждык жаралып, мамлекеттин валюталык резервдери кыскарып кетет. Мындай учурда чет өлкөлүк кредиторлор пайда табышат;

– инфляцияны жана девальвацияны эске алуу менен ички карызды тейлөөнүн наркы тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгымдардан бир топ төмөн.

Мамлекеттик карыздын түзүмүндө ички карыздын басымдуулугу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө байкалып жатканын баса белгилейбиз.

Дагы белгилеп кетүүчү нерсе, жогоруда аталган Стратегияга ылайык мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдүн алгылыктуу көлөмүнүн максаттуу көрсөткүчү нөлгө барабар. Башкача айтканда, республикалык бюджетте мамлекеттик карызды тейлөөгө каражаттар толук көлөмдө каралып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик карызды төлөө өз убагында жүргүзүлүүдө.

Связанный пост