1-кварталда 54,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. План 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу КР МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-март айларында 54 млрд 589,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2022–жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд сомго көп жыйналды. Анын […]Читать далее
Садыр Жапаров өлкөдөгү шайлоо тутумуна байланыштуу “Кабар” агенттигине пикирин билдирди. Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалды. Учурда талапкерлерди каттоо жүрүүдө. Дегеле жалпы эле өлкөдөгү шайлоо тутумуна байланыштуу президент Садыр Жапаровдун пикирин билдик. — Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! — Саламатчылык. — Баарыбызга белгилүү окуялардан кийин учурда Бишкектин Ленин округу боюнча Жогорку […]Читать далее
Ош шаарынын конокторун шаардын кире беришинде жоогазын гүлдөрү тосуп алышат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан шаар аймагына 10 миң түп жоогазындын бир нече түрү отургузулду.Читать далее
Кепилдик фонду өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери жана ушул жылдын 3-апрелине карата ишкерлерге 4718 кепилдик берди, анын суммасы 6,1 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Кепилдик фондунун сайтында маалымдалды. Өнөктөш банктар Кепилдик фондунун колдоосу менен дээрлик 20 миллиард сом өлчөмүндө кредиттерди беришти. 2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кепилдик фонду тарабынан ишкердик субъекттерине күрөөнүн жетишпеген суммасын жабуу үчүн […]Читать далее
Бажы кызматынын алдын ала маалыматтары боюнча МБК 2023-жылдын 1-кварталында бажы төлөмдөрүн чогултуу планын дээрлик 1 млрд сомго ашык аткарды. Бул тууралуу КР МБКнын басма сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын март айында, 2023-жылдын 3-апрелине карата бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндөгү түшүүсү 8,1 млрд сомду түздү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,5%га аткарылды же 568,9 млн сомго […]Читать далее
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 3-апрелине карата кызамык жана кызылча оорусу катталууда. 2023-жылдын башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган. Аймактар боюнча: Бишкек шаары – 8, Жалал-Абад облусу – 2, Ош облусу – 20, Ош шаары – 7, Баткен облусу – 2, Чүй облусу – 2. Негизги себеп болуп балдарды жана чоңдорду […]Читать далее
Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун протоколдук тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы Ош шаарында 9 жаңы коомдук транспорт аялдамасы орнотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына караганда, аялдамалар “Коопсуз шаар” долбоорунун нормаларына ылайык шаардын төмөнкү даректерине курулат. Алар Ленин көчөсү (Резиденция), Касымбеков […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык калаадагы Алымбек-Датка жана Каныкейдин эстеликтерин толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү жумуштары башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт. Учурда долбоор даярдалып, жумушту жасоочу компания тендерден аныкталган. Алгач Алымбек-Датканын, андан соң Ош районундагы Каныкейдин эстелигинин айланасы толук жасалат. Мында эстеликтердин урап, сынып калган таштары, жазуулары жаңыланат. Айланасы […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы жана инновациялык технологиялар эл аралык университети экобатл өткөрөт. Иш-чара курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерине көңүл буруп, мектеп, студенттик, эксперттик жана коомдук чөйрөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү активдүү талкуулоону уюштурууга багытталган. Катышууга билим берүү мекемелеринин же коомдук уюмдардын, кыймылдардын командалары чакырылат. Батлдын акыркы этабы 2023-жылдын 22-23- май айында өтөт. Иш – чаранын максаты-мектеп окуучуларын, студенттерди, […]Читать далее
2023-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү. Белгилей кетсек, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз […]Читать далее