Ош шаарында Алымбек-Датка менен Каныкейдин эстелигин оңдоп-түзөө иштери башталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык калаадагы Алымбек-Датка жана Каныкейдин эстеликтерин толук оңдоп түзөөдөн өткөрүү жумуштары башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Учурда долбоор даярдалып, жумушту жасоочу компания тендерден аныкталган. Алгач Алымбек-Датканын, андан соң Ош районундагы Каныкейдин эстелигинин айланасы толук жасалат. Мында эстеликтердин урап, сынып калган таштары, жазуулары жаңыланат. Айланасы көрктөндүрүлүп, таман таштар алмаштырылат. Ал эми улуу инсандардын аты-жөнүн көчүрүп, жулуп кетпөө үчүн ташка чегилип жазылат.
Ош шаарында жалпы 44 эстелик бар. Аларды оңдоп түзөө иштерине жыл сайын 1 млн. сом акча каражаты бөлүнөт.

Связанный пост