Быйыл Ош шаарында коомдук транспорт үчүн 9 жаңы аялдама орнотулат

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун протоколдук тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы Ош шаарында 9 жаңы коомдук транспорт аялдамасы орнотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына караганда, аялдамалар “Коопсуз шаар” долбоорунун нормаларына ылайык шаардын төмөнкү даректерине курулат. Алар Ленин көчөсү (Резиденция), Касымбеков көчөсү (№1 троллейбус линиясынын акыркы токтоочу жайы), Абдыкадыров көчөсү (көпүрөнүн жанында), Б.Осмонов көчөсү, “Керме-Тоо” МАБдын Кеңеш айылы, Тилеке-Батыр көчөсү (Саидмухтар), Курманжан-Датка көчөсү (Шейит-Дөбө).
Мындан сырткары “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАКтын колдоосу менен 2 аялдама жасалды.
Ошондой эле 4 коомдук транспорттун аялдамасы жаңыланды.

Связанный пост