“Ала-Тоо Резорттун” ачылышына жол тандабас унаалар гана киргизилет
1-декабрда Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында ачыла турган “Ала-Тоо Резорт” эс алуу жайына тоолуу аймактын жол шарттарына байланыштуу толук кышкы дөңгөлөктүү, өтүмдүүлүгү жогору, жолтандабас унаалар гана кире алат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, коноктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн Жыргалаң айылында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат.
“Ал жерден ачылыш аземи өтүүчү жайга чейин коноктор жол тандабас унаалар менен борборлоштурулган тартипте жеткирилет. Иш-чара аяктагандан кийин аларды кайра унаа токтотуучу жайга жеткирүү да каралган”, – деп айтылат маалыматта.
ИИМ конокторду жеке унааларын белгиленген жайга калтырууга, уюштурулган транспорт кызматынан пайдаланууга жана кышкы аба ырайын эске алуу менен сапарын алдын ала пландаштырууга чакырды.