Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кылым карыткан Чыңгыз Айтматов” аталышындагы маданий агартуу иш- чарасы өттү

23-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кылым карыткан Чыңгыз Айтматов” аталышындагы маданий агартуу иш- чарасы өттү.

Балет искусствосунун жылдыздарынын бийлери, опера солистеринин классикалык ырлары менен коштолгон маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Балет Федерациясынын директору Искандер Туратбек, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, коомдук ишмер – Роза Айтматова, Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фондунун Президенти – Элдар Айтматов, бир катар чыгармачыл инсандар, элчиликтин өкүлдөрү, чет элдик коноктор жана Бишкек шаарынын тургундары катышышты.

 

Иш-чарага катышкан министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен быйыл жыл аягына чейин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгилөө чечими чыкканын, азыркы учурда маданият тармагында жазуучунун 95 жылдыгына арналган иш-чаралар байма- бай өтүп жатканын белгилесе, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов буга чейин жазуучунун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак биргелешкен форуму Бишкек шаарында жогорку деңгээлде өткөнүн, жыл аягына чейин дагы бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өтөөрүн кошумчалады.

 

Белгилүү болгондой, 2023- жыл кыргыз элинин залкар инсаны Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы. Ага карата учурда өлкөнүн бардык аймагында жазуучунун чыгармаларын даңазалаган маданий, агартуу иш-чаралары байма- бай өткөрүлүп келүүдө.

Бүгүнкү маданий иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фонду тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өттү.

Связанный пост