МСК: Жаңы фискалдык система кирешелердин ачыктыгын жогорулатты
Мамлекеттик салык кызматы 31-июлда маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ийгиликтүү жыйынтыктады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор Бишкек, Манас жана Ош шаарларындагы коомдук тамактануу жайларын, мейманканаларды, күйүүчү-майлоочу май саткан жайларды, ошондой эле мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлерди камтыды. Жалпысынан 1,3 миңден ашык ишкердик субъект жана 2 миңден ашык объект жаңы системага кошулду.
Пилоттук долбоордун жыйынтыгында катышуучулардын күнүмдүк орточо кирешеси 89,6 миң сомдон 153,4 миң сомго чейин өсүп, 171,3 пайызды түздү. Айрым ишканаларда бул көрсөткүч дээрлик төрт эсеге чейин көбөйгөн.
Учурда Салык кызматы Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте фискалдык программалык камсыздоону өлкө боюнча этап-этабы менен киргизүүгө багытталган тиешелүү нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо.
1-августтан тартып система туруктуу режимде иштеп, фискалдык маалыматтарды салык органдарынын маалыматтык базасына үзгүлтүксүз өткөрүп турат.