Биокоопсуздукту камсыздоо жана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо талкууланды
Бүгүн Жогорку Кеңеште төрага Марлен Маматалиевдин жетекчилиги алдында Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Жыйынга депутаттар, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана алдыңкы эксперттер катышты.
Күн тартибиндеги башкы маселе — өлкөнүн биокоопсуздугун камсыздоо жана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо болду. Бул алкакта министрлер кабинетине “Биологиялык коопсуздук жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруучу жооптуу органды аныктоо жана тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү сунушталды.
Мындан тышкары, “жашыл” экономикага өтүү үчүн өлкө боюнча электр кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо маселеси да талкууланып, тармактык жумушчу топ тарабынан демилгеленген “Ысык-Көлдүн экосистемасын укуктук жолдор аркылуу коргоо” маселесине өзгөчө басым жасалды.
Жыйынтыгында министрлер кабинетине укуктук актыларды кайра карап чыгуу, жер астындагы сууларга мониторинг жүргүзүү тутумун жана скважиналарды калыбына келтирүү сунушталды. Ошондой эле илимий негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн экологиялык маалыматтарды чогултуунун санариптик стандарттарын иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, кеңеш климаттык туруктуулукту жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоочу инструмент катары геопарктар тармагын мыйзамдык жөнгө салуунун келечегин карады. Талкуунун соңунда ЮНЕСКОнун системасында геопарктарды таануу боюнча укуктук негиздерди иштеп чыгуу сунушталып, бул инвестицияларды тартууга жана экологиялык туризмди өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзөрү белгиленди.