Чуңкурчакта экологиялык көзөмөл күчөтүлдү

 Чуңкурчакта экологиялык көзөмөл күчөтүлдү

Жайкы туристтик сезондун алдында Чункурчак эс алуу аймагында күчөтүлгөн профилактикалык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору түшүндүрүү иштерине басым жасашты.

Өзгөчө көңүл ишкерлер менен иштешүүгө бурулуп, эс алуу жайларынын ээлерине санитардык нормаларды так сактоо боюнча расмий билдирмелер берилди.

Алар менен катуу тиричилик калдыктарын туура чогултуу жана өз убагында чыгаруу боюнча нускамалар өткөрүлдү.

Инспекторлор дарыя, булактарды булгоого жол берилбестигин айтып, өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо зарылдыгы да эскертилди.

Связанный пост