Жолдо чыккан чыр: Токмоктогу окуяга юридикалык баа берилет

 Жолдо чыккан чыр: Токмоктогу окуяга юридикалык баа берилет

Токмокто адамды сабагандардын аракетине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде болжол менен саат 13:26да Токмок шаардык милициясына шаардык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда жаракат алган Чүй облусунун Мээнеткеч айылынын 43 жаштагы тургуну медициналык жардам үчүн кайрылганы айтылган.

Аныкталгандай, Токмок шаарынын №3 микрорайонундагы “Касиет” устаканасынын алдында жабырлануучу Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаасын айдаганда, таштар башка унааларга чачырап кеткен. Бул окуядан улам айдоочулардын ортосунда чыр чыккан. Натыйжада жабырлануучу сабалып, сол колунун чыканагы чыгып кеткен.

Бул факт боюнча бардык катышуучуларга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Милиция териштирүү иштерин улантууда. Анын жыйынтыгында катышуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилип, процессуалдык чечим кабыл алынат.

Связанный пост