«Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

 «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов билдиргендей, мыйзам долбоору кызматкерлер үчүн дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө, өндүрүштөгү кырсыктардын алдын алууга багытталган. Ошондой эле аталган мыйзамды андан ары өркүндөтүү максатында ишкана жана мамлекеттик деңгээлде эмгекти коргоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууну көздөйт.

Мыйзам долбоору эмгектин коопсуздук ченемдеринин жана стандарттарынын сакталышына натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү үчүн укуктук негизүп, иш берүүчүлөрдүн эмгек шарттары үчүн жоопкерчилигин жогорулатат.

Связанный пост