Финансы министрлигинин мамлекеттик баалуу кагаздары сатыкка чыкты

 Финансы министрлигинин мамлекеттик баалуу кагаздары сатыкка чыкты

КР Финансы министрлиги Кыргыз Фондулук биржасынын соода аянтчасында 2023-жылдын 25-26-май күндөрү 12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен Мамлекеттик казыналык векселдердин жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен Мамлекеттик казыналык облигациялардын биринчи жайгаштырууларын жүргүзө баштады.

12 айлык Мамлекеттик казыналык векселдер сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгы менен Мамлекеттик казыналык облигациялар эмиссиясынын көлөмү 4,2 млн сомду түздү. Ал эми орточо алынган кирешеси 11,94% болду.

2023-жылдын 26-майында жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон Мамлекеттик казыналык облигацияларын сатуу боюнча өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгына ылайык, чыгаруу эмиссиясынын көлөмү 143,1 млн сомду ал эми орточо алынган кирешеси 15,21% түздү.

Калкты финансылык инструменттери менен кеңири камсыз кылуу максатында КР Финансы министрлиги «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКсы менен бирдикте фондулук рынокту жана анын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерин улантат. Бул демилгенин максаты өлкөнүн экономикасын чыңдоо жана өнүктүрүү.

Связанный пост