2025-жылы 4,8 миллиондон ашык окуу китеби басылып чыкты

 2025-жылы 4,8 миллиондон ашык окуу китеби басылып чыкты

2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекеттик бюджеттен 860 млн сом каражат бөлүнүп, 4,8 миллиондон ашык нускада китеп басылып чыкты. Бул тууралуу “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аталышындагы улуттук педагогикалык форумунун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы муунду тарбиялоо үчүн жаңы мазмун, жаңы окуу китептери керек жана сапаттуу окуу китептери үчүн каражат жагынан маселе болбойт.

“Бизге дүйнөлүк компетенттүүлүк менен улуттук өзөктү айкалыштыра алган муун керек. Мамлекет зарыл болгон каржылоону толук камсыздап жатат”, – деди Касымалиев.

Ал ошондой өз сөзүндө 12 жылдык билим берүүгө кеңири токтолуп, 12 жылдык билим алуу бул жаңы мектептин философиясы экендигин белгиледи.

“Мектептердеги 12 жылдык билим берүүнүн башкы натыйжасы сапаттуу билимге ээ, атаандаш турмушка даяр инсан даярдоо. Дүйнөлүк билим берүүдө бүгүн келечекке даяр муун деген түшүнүк кеңири колдонула баштады. Ошол эле учурда ал эне тилин терең билген, тарыхын тааныган, ата-баба мурасын аздектеген, мамлекеттин келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылган жаран болуп жетилиши зарыл. 12 жылдык билим мектептин философиясын, билимдин мазмунун, окутуунун ыкмасын жана күтүлгөн натыйжаны жаңылоо. Азыр маалыматты жаттоого басым жасаган моделден, алган билимди турмушта колдоно билүүгө багытталган билим берүү моделине өтүү жүрүп жатат”,- деди минкаб төрагасы.

Связанный пост