12 жылдык билим берүү: 3 жана 8-класстар жаңы программага өтөт
Быйыл 3-класстын жана 8-класстын окуучулары жаңы окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстер боюнча окууну башташат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы маселелери боюнча жыйында билдирди.
Анын айтымында, жаңы окуу жылынын негизги өзгөрүүлөрүнүн бири 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу болот.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Улан Маматканов жаңы окуу жылында республиканын мектептеринде 1 млн 586 миңден ашык бала билим аларын белгиледи.