2-октябрда шаардын борбордук бөлүгүнө таза суу берүү токтотулат

 2-октябрда шаардын борбордук бөлүгүнө таза суу берүү токтотулат

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 2-октябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин шаардын борбордук бөлүгүнө таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү району: Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү. Турак үйлөрдө, мектептер, балдардын мектепке чейинки мекемелери, саламаттыкты сактоо объекттери, башка социалдык-тиричилик жана өнөр-жай багытындагы мекемелерде суу болбойт.

Муздак ичүүчү суу токтотулган учурда «Белинский» суутоптомосунда, ошондой эле суутоптомону кышкы мезгилге даярдоо максатында шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Связанный пост