15-октябрда “Чектөөсүз спорт” аталышындагы ден соолук марафону өтөт

 15-октябрда “Чектөөсүз спорт” аталышындагы ден соолук марафону өтөт
15-октябрь күнү Бишкек шаарында (эски аянт) КМШ өлкөлөрүнүн катышуусунда “Чектөөсүз спорт” аталышындагы ден соолук марафону өтөт. Мелдештин жүрүшүндө 1км аралыкка чуркоо (2 жаштан жогорку кайраттуу адамдар), кол күрөш жана таяк тартышуу боюнча катышуучулар күч сынашат. Мындан сырткары концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар үчүн лотерея ойнотулат.
Белгилей кетсек, “Чектөөсүз спорт” аталышындагы ден соолук марафонунун башкы максаты ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дене тарбия жана спорт аркылуу коомго социалдаштыруу дени сак жашоого үндөө.
Уюштуруучулар: Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Эл аралык марафон дирекциясы.
Катталуу үчүн: Адилет 0778486393 (Ватсап)
Эскертүү: каттоо 12-октябрга чейин

Связанный пост