ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды

 ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды

Бүгүн, 18-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи тур 20-июль саат 14.00дө аяктайт.

Абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун графиги төмөндөгүдөй:

– I тур – 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

– II тур – 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

– III тур – 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

– IV тур – 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

– V тур – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.

Связанный пост