Чүйдө сарайдагы өрттөн 1 миң баш мал жабыркаган

 Чүйдө сарайдагы өрттөн 1 миң баш мал жабыркаган

Кечээ, 17-июлда Чүйдүн Аламүдүн районунун Пригородное айылында сарайдан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйын учурунда сарайдагы өрттөн 1 миң баш мал жабыркаганын айтат.

“200дөн ашык мал күйүп өлдү, калганын эл айдап, сактап калган. Азыр 1 миң түк чөптү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, – дейт министр.

Белгилей кетсек, кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк чөп күйгөн.

Связанный пост