Жогорку Кеңештин төрагасы Россиядагы терактка байланыштуу көңүл айтты

 Жогорку Кеңештин төрагасы Россиядагы терактка байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкого жана Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге Москва шаарындагы “Крокус сити холл” концерттик залында катталган окуяга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

 

Анда мындай деп айтылат:

 

“Крокус Сити Холл” концерттик залындагы ок атуудан улам көп адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

 

Биз карапайым калкка каршы жасалган террордук актыны кескин айыптайбыз жана терроризмди актоо мүмкүн эмес экендигин белгилейбиз.

 

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”.

Связанный пост