Жогорку Кеңеште Акыйкатчынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасалды

 Жогорку Кеңеште Акыйкатчынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасалды

Бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын (Омбудсмендин)  2022-жылга карата Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү баяндамасын укту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешини коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Өз баяндамасында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун алкагындагы сунуштамалардын аткарылышына токтолду. Ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатындагы Акыйкатчынын чара көрүү актыларын ишке ашыруу боюнча жасалып жаткан жумуштардын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Айрыкча, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо багытындагы абалга өзгөчө көңүл бурду.

Кошумчалай кетсек, Акыйкатчынын баяндамасы буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында каралып, эске алуу чечими кабыл алынган. Бирок Жогорку Кеңештин жыйынында аталган чечим четке кагылды.

Ал арада “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Жогорку Кеңештин регламентинин тиешелүү ченемдерине ылайык, Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизди. Натыйжада аталган демилге тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

 

Связанный пост