Акыркы беш жылдын ичинде кыйноолордун саны 1,5 эсеге азайды

 Акыркы беш жылдын ичинде кыйноолордун саны 1,5 эсеге азайды

Бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасын укту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешини коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Жыйында баяндама жасаган аталган борбордун директору Бакыт Рысбековдун айтымында 2023-жылдын январь айына карата Улуттук борбордун сунуштамаларынын 71%ы аткарылуу процессинде болсо, 3%ы аткарылып, 5%ы жарым-жартылай аткарылган. Ал эми сунуштамалардын 20% аткарыла элек.

Ошондой эле баяндамада Улуттук борбордун бир катар сунуштамалары жылдан жылга аткарылбай келе жатканы белгиленди. Бирок, беш жылдын ичинде кыйноолорду/физикалык зомбулукту же кармалгандан кийин психологиялык басымды колдонуу деңгээли 1,5 эсеге азайып, 2018-жылы 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6%га чейин төмөндөгөн.

Ошону менен бирге, убактылуу кармоочу жайларда жана тергөө камак мекемелеринде отурган адамдарга карата кыйноолорду, физикалык зомбулукту же психологиялык басымды колдонуу маселеси дагы эле курч көйгөй бойдон калууда.

Талкуу маалында депутат Русланбек Жакышов мекеменин иши коомчулукка белгисиз экенин айтып, кызматкерлеринин саны тууралуу сурады.

Өз кезегинде Бакыт Рысбеков жалпы Кыргызстан боюнча 26 гана кызматкери бар экенин айтып, Басма сөз кызматы боюнча штаттык бирдик каралбагандыктан, маалымат берүү жагынан аксап жатышканын кошумчалады.

Ушул эле маселеге токтолгон депутат Мирлан Самыйкожо борбордун штаттык бирдигин көбөйтүүнү жана бюджетин көтөрүүнү сунуштады.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору менен Акыйкатчы институтун бириктирүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Андан тышкары, депутат Эльвира Сурабалдиева психоневрологиялык диспансерлердеги ооруган адамдарга карата жасалган туура эмес мамилелер тууралуу сөз кылып, ошондой учурларды каттоого алып, көзөмөлдөөгө чакырды.

Муну менен катар депутат Медербек Алиев былтыр кыйноо фактылары кайсы облуста көп катталганына кызыкты.

Бардык облустар боюнча маалымат берген борбордун директору: “Катталган кыйноо фактыларынын 4%ы Ысык-Көл облусунда, 3%ы Талас облусунда, 7%ы Жалал-Абад облусунда, 26%ы Ош облусунда, 7%ы Баткен облусунда, 53%ы Бишкек шаары менен Чүй облусунда болгон. Ал эми Нарын облусунда катталган эмес. Бирок бул кыйноо фактысы жок дегенди түшүндүрбөйт”, – деди.

Ошондой эле депутат Надира Нарматова чет өлкөдөгү абак жайларга камалган кыргызстандыктарга көмөк көрсөтүү маселесин көтөрсө, депутат Камила Талиева борбордун ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарылчылыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында баяндаманы эске алуу чечими кабыл алынды.

Связанный пост