Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору боюнча талкуу өттү

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору боюнча талкуу өттү
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулаган жыйын өттү.
Алсак, аталган мыйзам долбоору боюнча түзүлгөн жумушчу топко Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Нилуфар Алимжанова, Султанбай Айжигитов, Жалолидин Нурбаев, Эмил Жамгырчиев, Азамат Исираилов, Фарходбек Алимжанов, Чингиз Айдарбеков жана Айгүл Айдарова кирген.
Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн талкууну депутат Камила Талиева алып барып, сунушталган мыйзамдын маанилүүлүгү тууралуу учкай кеп кылды.
Андан тышкары, долбоордун демилгечиси депутат Нилуфар Алимжанова аймактарды өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу чоң экенин белгилеп, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө коомду алдыга жылдырууга багытталган бир топ демилгелер камтылганын кошумчалады.
Жыйында депутаттар тарабынан бир катар сунуш-пикирлер көтөрүлүп, алардын баары мыйзамды кароо маалында эске алынары белгиленди.

Связанный пост