Маматканов Жалал-Абад облусундагы социалдык объекттердин абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарындагы бир катар социалдык объекттердин абалын текшерди.

Улан Маматканов облустук клиникалык ооруканага барып, мекеменин иши жана анын материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Клиникалык оорукана жалпысынан 435 орунга ылайыкталган жана көп тармактуу медициналык жардам көрсөтөт.

Ал ошондой эле “Бакыт” райондор аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборуна жана балдарга арналган “Ак жол” комплекстүү реабилитациялык борборуна барып, ал жерлердеги кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштурулушу менен таанышты. “Бакыт” борборуна жыл сайын 2000ден ашуун бейтап жардам сурап кайрылат. Бул мекеме ата-энесинин камкордугусуз калган же оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдарга социалдык колдоо көрсөтөт.

Жумуш сапарынын жүрүшүндө Улан Маматканов Р. Азимов атындагы № 13 мектептин абалы менен таанышты. Мектеп 1000ден ашуун окуучуга ылайыкталганына карабастан, учурда анда болжол менен 3800 окуучу билим алууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Улан Маматканов тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мектептин абалын талдап чыгууну, оңдоп-түзөө иштери боюнча аалгачкы муктаждыктарды аныктоону, материалдык-техникалык базаны жаңылоону, ошондой эле билим берүү шарттарын жакшыртууну тапшырды.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоого, балдарды реабилитациялоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ошондой эле билим берүү мекемелерине түшкөн иш жүзүндөгү жүктөмдү эске алуу менен, ал жерлердеги окуу чөйрөсүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Связанный пост