Садыр Жапаров 16 мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Бишкек шаарында чет мамлекеттердин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды.
Салтанатка Улуу Британиянын Элчиси Висенте Солера Дьюкар жана АКШнын Элчиси Стивен Гиллен, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишти айкалыштыруу тартибинде аккредитацияланган Аргентинанын Элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейра, Грузиянын Элчиси Леван Диасамидзе, Латвиянын Элчиси Даце Рутка, Сан-Маринонун Элчиси Риккардо Вентурини, Португалиянын Элчиси Жозе де Кастро Атаиде Амарал, Израилдин Элчиси Йоав Быстрицки, Болгариянын Элчиси Георги Воденски, Шри-Ланканын Элчиси Фред Сеневиратне, Даниянын Элчиси Ларс Туесен, Малайзиянын Элчиси Рафеда Абдул бин Азиз, Вьетнамдын Элчиси Нгуен Тхань Ле, Египеттин Элчиси Самех Фарук Мохамед Шехат, Алжирдин Элчиси Жамила Ашур жана Словакиянын Элчиси Любомир Регак катышты.
Мамлекет башчысы дипломаттарды миссияларынын расмий башталышы менен куттуктап, алардын ишмердүүлүгү Кыргызстан менен алар өкүлчүлүк кылган мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, саясий диалогду өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан өз ара сый-урмат, тең укуктуулук жана эки жактуу кызыкчылыктарды эске алуу принциптерине негизделген көп векторлуу, тең салмактуу жана прагматикалык тышкы саясат жүргүзүп жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана өлкөнүн негизги максаттары тууралуу айтып берди.
Президент Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышынын маанилүүлүгүнө токтолуп, өлкө конструктивдүү эл аралык диалогго жана глобалдык коопсуздукту чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Дүйнөнүн айрым аймактарында уланып жаткан куралдуу жаңжалдарды жана гуманитардык кризисти эске алуу менен Садыр Жапаров азыркы эл аралык процесстердин татаалдыгын жана коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган биргелешкен аракеттердин зарылдыгын айтты.
Палестина-Израиль маселеси боюнча Мамлекет башчысы “эки эл үчүн эки мамлекет” принцибин ишке ашыруу туруктуу тынчтык орнотуунун бирден-бир жолу экенин баса белгиледи.
Климаттын өзгөрүшү жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине активдүү катышууга чакырды.
Президент ошондой эле 2027-жылдын 27-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө маалымдап, шайлоо процессинин мыйзамдуулугун, ачык-айкындуулугун жана айкындуулугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы чет мамлекеттердин өкүлдөрүн шайлоого эл аралык байкоочулар катары катышууга чакырды.
Эл аралык кызматташтыктын келечеги тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров инвестицияларды тартуунун жана ири инфраструктуралык, стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу маанисин белгиледи. Алардын катарына “Камбар-Ата-1” ГЭСин, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу, “CASA-1000” энергетикалык коридорун өнүктүрүү, ошондой эле санариптик инфраструктураны, айыл чарбасын жана туристтик кластерлерди өнүктүрүү кирет.
Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров элчилерге дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми алар өкүлчүлүк кылган мамлекеттерге тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалады.