Лейлек районунда жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

 Лейлек районунда жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Учурда биргелешкен кайгуул кызматтары коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча күнү-түнү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек, Арка, Арка-2, Кулунду, Интернационал айылдарында кайгуулдоо иштерин жүргүзүүгө тартылган кайгуул кызматтарын чогултуп, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана учурдагы абалды турукташтыруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

“Ал жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир кайрылган адамга ар тараптан жардам берүү керектигин баса белгиледи. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде калкка жардам көрсөтүү, арыздарды чечүү милициянын биринчи кезектеги милдети. Эл укук коргоо органдары аларга жардам берип, бардык аракетин жумшаарына ишениши керек. Мындан тышкары, Лейлек районунун чек ара заставасында болуп, кырдаал жана мындан аркы биргелешкен пландар талкууланды. Ошондой эле, Баткен облусуна гуманитардык жардамдын сарамжалдуу жана туура бөлүштүрүлүшүнө көзөмөл жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Связанный пост