Бишкекте быйыл 30 миң бак-дарак тигилди, мэр жеке өзү 73 көчөт отургузду
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2026-жылы борбор калааны жашылдандыруу өнөктүгүнүн алкагында 73 бак-дарак отургузду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл жыл башынан бери шаарда 25 миң көчөт отургузуу пландалган. Бирок бүгүнкү күнгө карата 30 миңден ашык бак-дарак тигилип, белгиленген көрсөткүчтөн ашты.
Мэр жазгы жана күзгү көчөт отургузуу өнөктүктөрүнө жеке өзү катышкан.
Белгилей кетсек, Бишкекте жашыл аймактарды кеңейтүү жана экологиялык абалды жакшыртуу багытындагы иштер улантылат.