Үрөнчүлүк тармагына 178,8 млн сомго 70 техника сатып алынды

 Үрөнчүлүк тармагына 178,8 млн сомго 70 техника сатып алынды

Кыргызстанда үрөнчүлүк системасын модернизациялоонун алкагында 178,8 млн сомго 70 бирдик айыл чарба техникасы сатылып алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, техника Дүйнөлүк банктын “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында алынган.

24-ноябрда журналисттерге жаңы техникалардын мүмкүнчүлүктөрү жана үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүүдөгү мааниси көрсөтүлөт.

Министрликтин маалыматына караганда, бул Кыргызстанда үрөнчүлүк тармагына мынчалык көлөмдө техника сатып алуу боюнча алгачкы ири долбоорлордун бири.

Связанный пост