Республикалык кеңешме: Мамлекеттик жетекчилер элдин маселесин чечиш керек
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 23-ноябрда, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аймактарда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган республикалык кеңешме өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин, укук коргоо органдарынын жана жер-жерлердеги бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасы боюнча отчет, ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилеринин калк менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча маалыматы угулду. Мындан тышкары, 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, айрым райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары сунушталды.
Мониторинг аймактарды өнүктүрүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, кадр саясаты жана жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугу маселелерин камтыды. Анын жыйынтыгы боюнча бир катар аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде, анын ичинде ишти уюштурууда, жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жана кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугун камсыз кылууда кемчиликтер аныкталды.
Айрым жетекчилерге карата тартиптик чараларды көрүү, ал эми кээ бир акимдерди жана мэрлерди ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталды.
Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын жаз айларынан бери жети облустун тургундары менен өткөрүлгөн жолугушууларда жүргүзүлүп жаткан иштерге ыраазычылыктар менен катар жергиликтүү бийлик органдарынын, айрым мамлекеттик мекемелердин, укук коргоо органдарынын жана соттордун ишмердүүлүгүнө карата көптөгөн арыз-даттануулар айтылганын белгиледи. Бул жолугушуулар жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган чечимдер жана чаралар жер-жерлерде дайыма эле талаптагыдай аткарылбай жатканын көрсөттү.
Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жарандар тарабынан социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында 495, маданият, спорт жана туризм жаатында 111, укук коргоо органдарынын жана прокуратуранын ишмердүүлүгү боюнча 268, сот тутуму жана ырайым берүү маселелери боюнча 241, турак жай, жер жана мүлк маселелери боюнча 528, айыл чарба жана жол инфраструктурасы боюнча 913 маселе көтөрүлгөн. Дагы 225 кайрылуу облустук жана райондук органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон. Жалпысынан 1 672 жаран тарабынан 2 286 маселе козголгон. Мындан тышкары, 4 967 жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн, алар да белгиленген тартипте каралат.
Мамлекет башчысы райондук жана облустук деңгээлде чечилүүгө тийиш болгон маселелер көп учурда тийиштүү көңүл буруусуз калып, жетекчилердин демилгесинин жана жоопкерчилигинин жетишсиздигинен улам аларды чечүү негизсиз создуктурулуп жатканын баса белгиледи.
Ал жетекчилерди кырдаалды өз алдынча иликтөөгө, берилген ыйгарым укуктарынын алкагында чечим кабыл алууга, калк менен үзгүлтүксүз жолугушуп турууга жана борбордук органдардын жетекчилигинин кийлигишүүсүн күтпөөгө чакырды.
Президент мисал катары жарандар зарыл документтерди айлап ала албай, негизсиз чечимдерге жана райондордо юридикалык жардамдын жоктугуна туш болгон учурларды, ошондой эле жер-жерлерде жооптуу жетекчилердин жоктугуна байланышкан жагдайларды келтирди.
Мамлекет башчысы ишти пландаштырууга карата формалдуу мамиленин орун алышын, райондорду өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралардын жоктугун, өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын натыйжасыз пайдаланылышын жана муниципалдык ишканалардын ишине көзөмөлдүн жетишсиздигин сынга алды.
Президент жер ресурстарын талаптагыдай пайдаланбоо учурларына да көңүл буруп, айрым аймактарда трансформацияланган жер тилкелери өздөштүрүлбөй, күтүлгөн экономикалык жана айыл чарба натыйжаларын бербей жатканын айтты.
Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ыйгарым укуктары кеңейтилип, эмгек акысы жогорулатылганын эске салып, алардан тиешелүү натыйжа, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу жана жарандардын кызыкчылыгына кызмат кылуу талап кылынарын айтты. Ал мамлекеттик кызматкерлерди мыйзамсыз аракеттерге барбоого, коом алдындагы жоопкерчилигин унутпоого жана ар бир жетекчинин ишмердүүлүгү жарандардын көңүл борборунда экенин түшүнүүгө чакырды.
“Мамлекеттик кызматтагы жетекчилер өзү менен өзү болуп, эптеп убакыт өткөрүп, жүрө бербей элге кызмат кылышы кажет. Тигил же бул мамлекеттик кызматтагы жетекчинин ишмердигинин негизги натыйжалары элибиздин жашоо шартынын кескин жакшырышынан байкалышы зарыл”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Президент жарандардын кайрылууларына формалдуу жооп берүү, маселелерди келечекте чечүүгө убада кылуу жана мөөнөттөрдү создуктуруу толук кандуу иш катары эсептелбей турганын белгиледи. Ал жарандар болуп жаткан өзгөрүүлөргө көз салып, мамлекеттик органдардын ишине баа берип, конкреттүү натыйжаларды күтүп жатканын өзгөчө белгиледи.
“Кандай гана маселе болбосун элдин кызыкчылыгын көздөп, элдин пайдасына чечкенде гана ошол бийлик элге жакын болот. Анын үзүрү азыр билинбегени менен бир убактарда биздин салган имараттарыбыз эмес, элге болгон жакындыгыбыз, элдин көйгөйүн чече билгендигибиз менен бааланат-баркталат”, – деди Мамлекет башчысы.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров улуттук программаларда белгиленген стратегиялык максаттарга жетүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгына токтолду. Артыкчылыктуу багыттардын катарында технологиялык жаңылануунун, чийки затты кайра иштетүүнүн, атаандаштыкка жөндөмдүү продукция өндүрүүнү кеңейтүүнүн жана ишканаларды кошумча нарктын аймактык жана глобалдык чынжырларына интеграциялоонун негизинде индустриалдык өнүгүүнүн жаңы этабына өтүү белгиленди. Ошондой эле аймактардын өнүгүү деңгээлиндеги айырмачылыктарды кыскартуу, бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү, жаңы административдик-аймактык бирдиктердин ресурстук базасын чыңдоо жана шаарларды экономикалык өсүштүн негизги борборлору катары өнүктүрүү иштери улантылат.
Соңунда Президент аймактардагы жолугушуулардын жүрүшүндө келип түшкөн жарандардын кайрылууларын системалуу түрдө талдоону, эң көп көтөрүлгөн көйгөйлөрдү аныктоону, алардын жер-жерлерде создуктурулушунун себептерин тактоону жана мамлекеттик органдардын ишинин башкаруунун ар бир деңгээлиндеги натыйжалуулугун баалоону тапшырды. Талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюуга багытталган конкреттүү чаралар кабыл алынууга тийиш.