Бишкекте оор абалдагы 2 ымыркайдын териси алмаштырылды
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда териси жана тери алдындагы май катмарынын оор некрозуна кабылган эки ымыркайга тери көчүрүү операциясы жасалды.
Оорукананын маалыматына ылайык, эки бала тең бир жашка чейинки куракта жана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында оор абалда ооруканага түшкөн.
Дарыгерлер эки жума бою жараларды антибиотиктер жана антисептикалык эритмелер менен тазалап, өлгөн ткандарды алып салышкан. Андан кийин эки ымыркайга тең өзүнүн терисин көчүрүү операциясы жасалган.
“Көчүрүлгөн теринин 85-90 пайызы жакшы бүткөн. Учурда эки баланын тең абалы жакшырып, ооруканадан чыккандан кийин жашаган жери боюнча амбулатордук көзөмөлгө жөнөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, балдарда некроздун пайда болуу себеби азырынча тактала элек.
Некроз – бул тирүү организмдеги клеткалар менен ткандардын зыян келтирүүчү факторлордун таасиринен улам мөөнөтүнөн мурда өлүмгө учурашы менен коштолгон патологиялык процесс.