Улуттук тазалык күнүнүн алкагында Ысык-Көл облусунда 126 миңге чукул көчөт отургузулду

 Улуттук тазалык күнүнүн алкагында Ысык-Көл облусунда 126 миңге чукул көчөт отургузулду

Бүгүн, 20-апрельде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген «Тазалык күнүнүн» алкагында Ысык-Көл облусунда массалык ишембилик жалпы 2267,5 га аянтта өтүп жыйынтыгында болжол менен 2581,1 тонна таштанды чыгарылды, ишембиликке катышкан адамдардын саны 130 миң 667 түздү.

Мындан сырткары «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында 125 миң 828 көчөт отургузулду. Бул иш-чарага окуучулар дагы активдүү катышып “Бир окуучу бир көчөт” акциясын уюштурушту.

Связанный пост