Чүй облусунун тургундары “улуттук тазалык күнүндө” 960 тоннадан ашык таштанды тазалашты

 Чүй облусунун тургундары “улуттук тазалык күнүндө” 960 тоннадан ашык таштанды тазалашты

Чүй облусунун тургундары “улуттук тазалык күнүндө” 960 тоннадан ашык таштанды тазалашты. Бул тууралуу КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен апрелдин үчүнчү ишембиси өлкөнүн бардык аймактарында “улуттук тазалык күнү” деп жарыяланып, быйыл бул күн 20-апрелге туш келген.

Чүй облусунун тургундарынын активдүүлүгү абдан жогору болуп, бүгүнкү ишембиликке 20 миң 707 адам чыкты.

Тургундар 488 гектар аянтты тазалашты. Тазалоо иштерине 191 техника тартылган. Ошондой эле 25822 көчөт, анын ичинде 3156 ийне жалбырактуу жана 16951 жазы жалбырактуу, андан тышкары 5715 жемиш өсүмдүктөрү отургузулган.

Ишембиликтин жүрүшүндө 333 чакырымдан ашык сугат каналдары тазаланды.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевдин айтымында, өлкө жетекчилиги биздин калктуу аймактардын тазалыгына жана көрктөндүрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, жергиликтүү элдин экологияга болгон кайдыгер эмес мамилесин кубаттайт.

Связанный пост