Galleries

Укук тартиби

Баткенде экстремисттик уюмдун 10 мүчөсү кармалды

Баткенде “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтан билдиришкендей, “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин алкагында 10 адам кармалган. Кармалгандардын айрымдары мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн сот жообуна тартылган. Алар “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний уюмунун жабылган Telegram каналдарына катталып, Кыргызстандын аймагында халифат түзүү маселесин […]Читать далее

Аймак

Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус башчысы Айбек Шаменов Лейлек районунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Учурда чек араны тосуу жумуштары райондун Максат айылынын аймагында жүрүүдө. 2025-жылдын 12-ноябрына карата жалпы Баткен облусу боюнча 115 чакырым 958 метр аралыкка зым тартылды. Анын […]Читать далее

Экология

Кыргыз делегациясы БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына катышууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган Кыргызстандын делегациясы жана президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Бразилиянын Белем шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 30-конференциясынын (COP30) расмий ачылыш аземине катышты. 2025-жылдын 10-ноябрында Бразилияда климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун 30-конференциясы башталды, ага эки жуманын ичинде дүйнөнүн 190 […]Читать далее

Министрлер кабинети

Амангелдиев менен Барсегян ЕАЭБ алкагында кооперацияны талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөсү (өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри) Гоар Барсегян менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЕАЭБ алкагында өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинде биргелешкен кооперациялык долбоорлорду колдоо боюнча мындан аркы кызматташуунун багыттарын жана бул демилгелерге кыргыз ишканаларынын катышуусун, ошондой эле жөнгө салуу механизмдерин […]Читать далее

Маданият

БУУнун штаб-квартирасында “Камбаркан” ансамблинин концерти өттү

7-ноябрда БУУнун штаб-квартирасында фольклордук-этнографиялык “Камбаркан” ансамблинин концерти өттү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул “Камбаркандын” АКШдагы акыркы гастролунан кийин жыйырма жылдан соң алгачкы гастролу болуп саналат. “Тоолордон океандарга чейин” аттуу символикалык концерт БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына (КС-30) арналды жана эл аралык коомчулукту тоо экосистемаларын жана океандарды коргоо үчүн биргелешкен аракеттерге чакырды. Иш-чараны Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу […]Читать далее

Аймак

Баткенде дагы бир чакан ГЭС пайдаланууга берилет

Кадамжай районунда “Базарбай ата” чакан ГЭСинин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ГЭСтин 1-агрегаты тесттик режимде иштеп, сыноодон ийгиликтүү өттү. Анын кубаттуулугу саатына 200 кВтты, ал эми жалпы убаттуулугу 600 кВт түзөт. Жеке ишкер ГЭСтин курулушуна 8 млн сом инвестиция салган. Мындан сырткары, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 8 млн […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Алексей Оверчукту кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүн камтыган эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды. Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий байланыштардын активдүү динамикасына канааттануу билдирип, Алексей Оверчукту Бишкекте кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады. Мамлекет башчысы көп […]Читать далее

Ден соолук

Манас шаарында тез жардамдын санарип диспетчерлик кызматы иштей баштады

Манас шаарында тез медициналык жардамдын санарип диспетчерлик кызматы ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Жаңы система чакырууларды автоматтык режимде башкарууну камсыздайт: чакыруулар бригадалардын арасында бөлүштүрүлүп, машиналардын кыймылы реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөт. Ошондой эле диспетчерлер актуалдуу маалыматтардын негизинде ыкчам чечим кабыл ала алышат. Диспетчерлик кызмат Манас шаарын жана Сузак районун камтып, калкка тез жана […]Читать далее

Аймак

Айдаркенде бетон заводу курулду

Баткен облусундагы Айдаркен шаарында таш майдалоочу жана бетон заводунун курулушу аяктады. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев бүгүн заводдун тесттик режиминдеги иши менен таанышты. Муниципалдык ишкана суроо-талапка жараша толук кандуу кубаттуулукта иштеген учурда, күнүнө 60 тонна шагыл, 1000 куб метр бетон аралашмасын даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ишкананын курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө […]Читать далее

Укук тартиби

“Ош” аэропортунда Россиядан келген жүргүнчүдөн 451 норка териси табылды

“Ош” аэропортунан Россиядан келген жүргүнчүдөн 451 норка териси табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Текшерүү учурунда норка терилер тийиштүү коштомо документтери жок мыйзамсыз алып келингени аныкталды. Анын жалпы салмагы 47 килограммды түзөт. Бул боюнча мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.Читать далее