Galleries

Президент

Президент Садыр Жапаров ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле жакынкы келечекте мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы ТМУнун эл аралык аренадагы күндөн күнгө өсүп жаткан ролун жана Уюмдун Башкы катчысы жооптуу кызматындагы Кубанычбек Өмүралиевдин жүргүзүп жаткан жемиштүү […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди

Бүгүн, 11-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Жолугушууда боордош элдердин кызматташтыгына байланышкан маселелер талкууланып, анын парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселеси талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун өнүгүшүнө багытталган бардык иш-аракетти […]Читать далее

Укук тартиби

Талас облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан тигүү фабрикасын куруу

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Талас шаарынын мэриясынын жана Талас облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеши Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери […]Читать далее

Коом

Борбор калаада жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордук көчөлөргө асфальт төшөө жана жолдогу кемчиликтерди жоюу иштерин бүтүрдү. Панфилов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүнө тротуардын биринчи катмары төшөлсө, бүгүн асфальттын экинчи катмарын төшөө пландалууда. Буга катарлаш 40 люкту жолдун деңгээлине көтөрүү иштери жүрүп жатат. Жолду оңдоо иштери аяктагандан кийин тротуарды оңдоо иштери башталат. Игембердиев көчөсүндө Кулатов көчөсүнөн […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште КРнын Конституциясынын кабыл алгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы […]Читать далее

Коом

Ош облусунда кулпунай жарманкеси болуп өттү

“Өнүккөн технология жана кулпунай” аттуу акысыз илимий-практикалык семинар жана кулпунай жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Кулпунай семинары жана жарманкеси илимий-практикалык иш-чарада катышуучулар кулпунайды өстүрүү боюнча кээңири маалымат алышты. Иш-чарага негизинен буга чейин кулпунай өстүрүү менен алектенген же бул тармакка кызыккан Ош облусунун дыйкандары жана тургундары катышты. Кошумчалай кетсек, иш-чарага чет элдик […]Читать далее

Кырсык

Бишкекте таштанды ташыган унаа өрттөндү

Бишкек шаарынын Ленин районунда К.Акиев менен Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды ташуучу унаадан өрт чыккан. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борбору билдирди. Өрттү өчүрүүгө саат 11:09да Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 11:52де толук өчүрүлдү. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.Читать далее

Маданият

Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артисттери Бишкек шаарынын тургундарына “Манастын

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артисттери “Манастын уулу Семетей” спектаклин шаар тургундарына тартуулашты. Эске салсак, “Манастын уулу Семетей” спектакли Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Жалил Садыковдун драмасынын негизинде даярдалган. Койгон режиссёру Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Орунгүл Кожомкулова. Спектаклдин негизги өзөгү-эл, жер үчүн ички, сырткы душмандар менен […]Читать далее

Коом

Биринчи айым Айгүл Жапарова Европа мамлекеттеринин башчыларынын жубайларынын жана жолдошторунун

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Загреб шаарында (Хорватия) Европа мамлекеттеринин башчыларынын жубайларынын жана жолдошторунун Саммитинин ишине жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында балдардын семирүүсүн алдын алуу Тармагын түзүүгө катышты. Иш-чарага ошондой эле: Армениянын Премьер-министринин жубайы Анна Акопян, Албаниянын Премьер-министринин жубайы Линда Рама, Болгариянын Президентинин жубайы Десислава Радева, Венгриянын Президентинин жолдошу Иштван Аттила […]Читать далее

Медицина

Кыргызстанга Япониядан дарт аныктоочу көчмө томографиялык аппарат келди

Кыргызстанга Япониядан дарт аныктоочу көчмө томографиялык аппарат келди. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Буга чейин чоң шаарларда томографиялык аппараттар бар болгону менен алыскы, бийик тоолуу аймактар заманбап дарт аныктоочу аппаратка муктаж болуп келишкен. Андыктан жаңы көчмө томографиялык аппарат Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабировдун  биргелешкен […]Читать далее